Логотип

КР КМ Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгы

Башкы
>
Жаңылыктар

Баткен облусунун Лейлек районундагы күч түзүмдөрү жана райондун курама командалары менен өтүп жаткан кичи футбол боюнча оюну жыйынтыкталды

13.02.2024
76

2024-жылдын 12-январында Баткен облусунун Лейлек районундагы күч түзүмдөрү жана райондун курама командалары менен өтүп жаткан кичи футбол боюнча оюну жыйынтыкталды.

 Оюн  "Айкөл" лигасы деп аталып, ага 20 команда катышты. Беттеште Коргоо министрлигинин 35524 аскер бөлүгүнүн өздүк курамынан түзүлгөн "Мурас" курама командасы кызыктуу оюн көрсөтүп, баш байгени багындырышты. 

 Спорттук иш-чарада  мыкты оюнчу, мыкты коргоочу номинациялары каралып, аны Баткен облусунун Лейлек районунун администрациясынын башчысы-аким Канимет Осмонбеков тапшырды.